Өмүрбек Бабанов Бишкекке учуп келди

“Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Москвадан Бишкекке учуп келди. Аны аэропорттон жүздөгөн тарапкери сүрөп тосуп алды.

Чогулгандардын алдына чыгып сүйлөгөн кыска сөзүндө ал баарына ыраазычылык билдирди, Кыргызстанга тынчтык керек экенин айтты.

– Мени эч ким тосуп текшерген жок. Мен дайыма мыйзам жолунда жүргөм, – деген Бабанов Бишкекке жөнөп кетти.

Кечээ, 8-августта «Республика» партиясы билдирүү таратып, президент Сооронбай Жээнбековду жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди маселени тынчтык жана мыйзам жолу менен диалог аркылуу чечүүгө чакырган.

«Абалдын курчушун бирге токтотуп, бардык кыймылдарды укук менен мыйзам талаасына бура алабыз деп ишенебиз» деп айтылат билдирүүдө.

Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоодон кийин Москвага учуп кеткен.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) саясатчы Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскертти. Мындай билдирүүнү атайын кызмат 9-августка караган түнү таратты.

УКМКнын маалыматына караганда, саясатчыга эки кылмыш иши козголгон. Анын бири «2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде болсо, экинчиси «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен ачылган.

Булак: Азаттык

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген