Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин ишканасында буюртмалар азайды

“Кыргыз азиз жана дүлөйлөр коомунун” түштүк аймактык өндүрүштүк ишканасында эмгектенген мүмкүнчүлүгү чектелгендердин айлык акылары төмөндөшү мүмкүн. Себеби жыл санап эмерек, кызматтык кийим-кечелерге буюртмалар азайууда. 

Бул тууралуу өндүрүштүк ишкананын жетекчиси Турдумамат Эргешов билдирди.

Өткөн жылы 15 миллион сомдук буюртмалар даярдалган. Бул жылы 13 миллионго жетет. Мындай болсо ишканада эмгектенгендердин айлык акылары төмөндөп кетет. Себеби кызматкерлер эмерек, кийим-кечелерди буюртма болгондо гана даярдашат”, -деди Турдумамат Эргешов.

2009-жылы өкмөт мамлекет казынасынан каржыланган мекеме ишканалар керектелчү буюмдарды “Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунан” алсын деген токтом кабыл алган. Максаты мүмкүнчүлүгү чектелгендердин турмуш тиричилигин жакшыртуу, жумуш менен камсыздоо эле.

Ишкана жетекчилиги бул токтомдун аткарылбай жатышы боюнча президентке чейин кайрыла турган болууда. Учурда өндүрүш жайында кулагы жана көзүнөн майыптыгы бар 30 адам эмгектенүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген