Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үйлүү болушту

Ош шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар турак-жайлуу болушту. Шаардык мэрияда үй алуу үчүн 708 адам кезекте турган эле. Алардын 66сына көп кабаттуу үйдөн 2 жана 3 бөлмөлүү батирлер берилди.

Үйдүн керектүү документтери акысыз даярдалып, үйгө ээ болуу үчүн да эч кандай акча алынбайт деп маалымдайт шаардык бийлик.

Батирге ээ болгон Ош шаарынын тургуну Гулипа Маматованын кубанычында чек жок. “Эжем экөөбүзгө биринчи кабаттан үй беришти. Суусу ичинде, бардык шарты бар. Аябай сүйүнүп жатабыз”,- дейт ал.

Бул турак-жайлар Кытай Эл республикасынан бөлүнгөн грант эсебинен курулган болчу.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген