Мөмө-жемиштерди кантип кургатып сатса болот? Видео

“Демге-дем” медиа борбору Кыргызстандагы элеттик ишкер айымдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында атайын репортаждарды даярдады. Долбоордун негизги максаты жашы 40тан илгерилеп  калган ишкер айымдардын кызматын, өз колу менен жасаган буюмдарын же товарларын интернет аркылуу таанылтуу жана жаңы кардарларды табууга көмөктөшүү. Кыргызстандын аймактарында экономикалык оор абалга, чектөөлөргө карабай, элдин жашоо деңгээлин жогорулатууга умтулуп, түрдүү кыйынчылыктарды жеңип, өлкөбүздүн тагдырына кайдыгер эмес,  өнүгүүсүнө салым кошкон айымдардын ийгиликке жетүү жолун баяндайт. 

Долбоордун катышуучуларынын бири Кишимжан Насирова.  

Ноокат районуна караштуу Көк-Жар айыл аймагынын 56 жаштагы тургуну Кишимжан Насирова жаңы ишкердик түрүн баштаганына 3 ай гана убактыт болду. “Эко-кж-как” деген аталыштагы кургатылган мөмө-жемиштер сатыкка чыгып, өз кардарларын таба баштаган кез.

Кишимжан Насирова – жеке ишкер:Биздин продукцияларыбыз табигый,  экологиялык жактан таза, жалаң озубуздо өскөн  мөмөлөр. Өтө пайдалуу, ала, өрүк, кара өрүк, мейиз, жаңгак, коон, дарбыз, алмурут. Шабдалы ушулулардын баары бар. Өтө витаминдүү жана пайдалуу.

Чыгарыла баштаганына аз гана убакыт болгону менен, ден соолукка абдан пайдалуу болгон кургатылган жемиштерге кызыккандар көбөйүүдө.  “Демге-дем” медиа борбору тарабынан уюштурулган окутууларга катышкандан соң, Кишимжан айымдын ишкердикке болгон кызыгуусу артып, башкалардан дагы жакшы сабактарды ала алды. Бирок ишкердик баштаганда эле баарысы дароо жакшы болбойт. Өзгөчө мөмөлөрдү сактап, аларды кургатып алуу үчүн атайын талаптар каралган.

Бегимай Мухтарали кызы  – кызы: Анжир дагы бизде баасы кымбат эмес. Андыктан аны кургатса болот. Бирок  өтө дыкаттык менен карап туруш керек экен. Себеби эгерде бир күн эле калып кетсе эзилип кетет экен. Бардык эле мөмөлөр  эзилип кетиши мүмкүн ошого өтө маани бериш керек. Сушилкага(атайын кургатуучу каражатка) салганда дагы сааты менен карап көзөмөлдөп туруш керек. Мисалы сушилкага 8 саат керек болсо,  6саат болгондо  барып карап турамын. Канчалык кургады деп текшерип. Эгерде кургап бутпосо дагы узартып коемун. Ар бир нерсенин өзүнүн белгиленген убактысы болот. Мисалы алманын өзүнчө сааты болот. Мөмө жемиштерди кургатып, атайын пакеттиктерге ылайыктап салуу азырынча үй-шартында жасалат.

Бул учур өзгөчө аялдар үчүн ыңгайлуу. Алар бөлөк үй-тиричиликтерин да кошумча жасай алышат.  Ал эми даяр болгон мөмө-жемиш азыктарын кошуналары, жакын санаалаштары татып көрүшүп, мыкты баа берип жатышат.

Гаухар Шерматова – досу: Булардын жасаган мөмөлөрү абдан витаминдуу, пайдалуу экен. Баары бизде бышкан натуралдуу момөлөр экен да. Бир кутучада канчалаган каллория бар экен деп ойлоймун да. Абдан жакшы экен колдоймун.

Кишимжан айымдын үй-бүлөсү керектуу продукцияларды да өздөрү өстүрүшөт. Жеке менчик багынан алма, алмурут, гилас, кара өрүк, өрүк сыяктуу мөмө түрлөрү бышып турат. Андыктан күндүн энергиясы менен бышкан азыктар абдан витаминге бай.

Ырысгүл Акматова – кошунасы:  Биз алып жеп көрүп, абдан таасир алдым. Азыр окуучулар кукси, чипсы дегендердин ордуна ушундай кургатылган мөмөлөрдүжешсе абдан пайдалуу. Алардын аң сезимине, ден соолугуна  жакшы таасир берет эле.

Мындай витаминге бай азык-түлүктөрдүн чындыгында ден соолук учүн абдан керектүү экенин адистер  тастыкташат.  Өзгөчө өсүп келе жаткан организмдерге же жаш балдар үчүн баалуу азыктар.

Гүлнара Салиева – үй-бүлөлүк дарыгер:  Витамин а, витамин с, витамин в жана темир  группасындыга витеминдер мөмө- жемиштер экен. Булардын бардыгы организмге керектүү абдан пайдалуу азыктар болуп эсептелинет. 

Бул ишкердик эки тараптуу киреше берет. Негизгиси үлүш жерлеринде өсүп жаткан багындагы мөмөлөрду татыктуу баага сатууга жардам берет. Антпесе жайдын күндөрү  мөмө-жемиштер бышып, абасы арзандап өзүн-өзү актабай калган учурлар бар.

Кишимжан Насирова – жеке ишкер: Сырьенун бардыгы багыбызда өсөт. 84 сотых жер үлүшүбүз, 30 сотыхка жакын үй алдында бак бар. Бардыгы гилас, кара гиластар, кайноолу, алма, кызыл алма бардык мөмө түрү бар. Жаңгак да бар. Керек болсо коон, дарбыздарды эле сатып  алабыз.

“Эко-кж-как” – витаминге бай, нукура таза азык. Андыктан өз кардарларын табууну өнүктүрөт деген ишенич терең. Ал эми ар тараптуу ыңгайлуу жана пайдалуу болгон ишкердик түрлөрүн колдоп, аларга дагы да ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүнү “Демге-дем” медиа борбору аткарууда.

«Бул макала «Элеттик аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында журналисттер менен аялдардын биригүүсү» долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын каржылык колдоосу менен даярдалган. Бул жерде келтирилген сунуштар, корутундуулар жана пикирлер, авторлордун оюн гана билдирет. АКШ мамлекеттик департаментинин көз карашына дал келбеши мүмкүн»

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген