Лунара Мамытова кызматынан бошотулду

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытова кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев кол койгон.

Буга чейин  Лунара Мамытова кызматтан кетүү боюнча арызын жазганын маалымдаган эле.

Белгилей кетсек, депутат Аида Касымалиева министр Таалайгүл Исакунова жана орун басарлары кызмат абалынан пайдаланып адистер үчүн деп келген чакырууларды өзүлөрүнө каттатып чет өлкөгө чыгып жүргөнүн айтып чыккан.

Бул боюнча Башкы прокуратура текшерүү жүргүзүп министрликти башкарган адамдар дипломатиялык паспортторду жеке кызыкчылыгына пайдаланганын аныктаган. Анда Лунара Мамытовадан да мыйзам бузуулар табылганы айтылган эле.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген