Лука Модрич “алтын топтун” ээси болду

Хорватиялык футболчу Лука Модрич 2018-жылдын эң мыкты оюнчусу аталып, France Football тарабынан алтын топ менен сыйланды. “Алтын топту” тапшыру аземи кечээ 3-декабрда Парижде өткөрүлдү. 

Анда, Реал Мадрид жарым короочусу жана Хорватия капитаны добуштардын эсебинде 753 упай чогултуп, баардык атаандаштарын артта калтырды. Ал эми португалиялык Криштиану Роналду 476 упай менен экинчи болсо, франциялык Антуан Гризман 414 упай менен мыкты үчтүккө илинген.  Жылдын мыктысын аныктоо France Football тарабынан жүргүзүлүп, 180 өлкөнүн спорт журналистери добуш берген.

Эске салсак, бир аз мурун 33-жаштагы Лука Модрич УЕФА тарабынан Европанын жана ФИФА тарабынын жылдын мыкты футболчусу болуп табылган эле.

Ошондой эле ал, ушул жылы Реал Мадрид клубу менен Чемпиондор лигасын жеңип алса, Хорватия курамында дүйнөлүк чемпионатта финалга чейин жеткен.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген