Лондондогу өрттөн каза болгондордун саны өсүүдө

Лондондо көп кабаттуу үйдөн чыккан тилсиз жоодо каза болгондордун саны 12ге жетти. Полиция кызматы бул сан дагы да өсүшү мүмкүн деп жатат. Эскерте кетсек, 14-июгь күнү эрте менен, Лондондун батыш тарабында 24 кабаттуу турак-үйдөн өрт чыгып, толугу менен күйүп кеткен.

Кырсык болгон маалда имаратта 600гө жакын адам болгон. Алардын көпчүлүгү качып чыгууга жетишкен. Арасында түтүнгө уулангандары да бар. Жалпысынан жабыркагандардын саны 68ди түзүп ооруканага жеткирилди. 18и оор абалда жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

Куткаруучулар дайынсыз жоголгондор да бар экенин айтышууда. Бирок так саны белгисиз. Учурда көп кабаттуу турак-үйдө чыккан өрттүн келип чыгуу себептери иликтенүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген