Лондондо Секонд Хендден алынган шакек бриллианд болуп чыкты

Англиянын борбор шаары Лондондо 33 жыл мурда Секенд Хендден  алынган шакек 25.27 караттуу  бриллианд экени аныкталды. Бул тууралуу Англиянын маалымат булактары жазып чыкты.

Лондондун    тургуну  Дебра Гудленд  33 жыл мурда Секонд Хендден 10 фунтка шакек сатып алган.

Көп жылдардан кийин 72 жаштагы апасы алдамчыларга көп суммада  карыз болгонуна байланыштуу Гудленд  шакекти  арзыбаган акчага болсо да сатуу үчүн зергерчиге кайрылган. Натыйжада зергерчи ал жөнөкөй шакек эмес 25.27 караттуу,  суммасы 740 миң фунтту түзгөн  бриллианд экени айткан.

Бул окуяга ишенгиси келбеген Гудленд  470 миң фунтга баалап,ал акчага апасынын карызын кайтарган.

Ал гана эмес апасын ооруканага жаткырып көптөгөн көйгөйлөрүнөн арылганын кубануу менен жарыялаган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген