“Өлкөнүн тышкы карызы 154 млн долларга өсүүсү күтүлүүдө”. Дагы кайсы мамлекеттен насыя сурайбыз?

Президент Сооронбай Жээнбековдун Венгрия өкмөтү менен 50 млн доллар өлчөмүндөгү карыз алуу боюнча келишими кыргызстандыктардын нааразычылыгын жаратты. Өлкө башчыны “барган жеринен карыз сурайт” деген сындарды жарандардын соцтармактарга калтырган билдирүүлөрүнөн кездештирүүгө болот.

31-июлга карата тышкы карыз 4 млрд 169 млн экендигин билдирген Каржы министрлиги жыл аягына чейин Кыргызстандын башка мамлекеттерге болгон карызы 4 млрд 323 млнго жетишин маалымдады.

COVID-19 пандемиясы жараткан кризистен улам, тышкы карыздын деңгээли 2020-жылы ички дүң продукцияга карата 56,2%га чейин көтөрүлдү. Мындан улам Өкмөт 2020-жылдагы карызды төлөөнү кийинки үч-төрт жылга калтыруу жөнүндө  бардык кредиторлор менен эки тараптуу макулдашуу жүргөндүгүн билдирген.

Ушул жылдын 15-апрелинде “Чоң 20” өлкөлөрүнүн Борбордук банктарынын финансы жана башкаруучу министрлери тарабынан жакыр өлкөлөр үчүн, анын ичинде Кыргызстандын карызын тейлөөнү токтотуу демилгеси жактырылган. Демилгенин алкагында Кыргызстан эки жактуу кредиторлордун дарегине тышкы карызды тейлөөнү токтотуу жөнүндө расмий кайрылуу жөнөткөн.

“Натыйжада, Сауд өнүктүрүү фонду, Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фонду, Франция, Германия, Дания Королдугу, Корея жана Япония менен макулдашылды. Анын ичинде өлкөбүздүн ири кредиторлорунун бири Кытай менен ушул жылдын төлөмдөрүн токтотуу жөнүндө макулдашуу ишке ашты”, — деп айтылат маалыматта.

Аны улай эле өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков 21-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын мааракелик 75-сессиясында видеокайрылуу жасап, туруктуу өнүгүү долбоорлорунун ордуна тышкы карызды терең реструктуризациялоо боюнча сунушту колдоп берүүнү суранган.

2020-жылдын январь-август айлары үчүн республикалык бюджеттен тышкы карызды тейлөө үчүн 112,9 млн доллар (8 852,1 млн. сом) бөлүнгөн.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген