Өлкөнүн телеканалдарында мыйзамдардын аткарылышына мониторинг жүрүүдө

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги телеканалдардын мыйзам ченемдерин аткарылышына мониторинг жүргүзүп жатат. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, департамент тарабынан Кыргызстандын “Телекөрсөтүү жана радио уктуруу жөнүндө” мыйзамынын 8-беренесинде белгиленген телеберүүнүн ченемдерине ылайык дал келүүсүн жана берилген телеканалдардын сандык талдоосун жүргүзүү максатында, санариптик телеберүү пакетиндеги телеканалдардын ачык сигналдарын үзгүлтүксүз жаздырып алуу жана эсептөө жүргүзүүнү уюштуруу жолу менен телеканалдардын мониторинги жүргүзүлдү. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө жер үстүндөгү санариптик берүүдө 55  телерадио уюм көрсөтүлүп жатат.

Мониторинг методологиясы боюнча берүүнүн сандык талдоосу сандык көрсөткүчтөрү боюнча эсептелет жана келип чыккан талдоонун көлөмүн берүүнүн жалпы көлөмүнө болгон катыштыгын өзүнө камтыйт. Мониторингдин жүргүзүү, таңкы саат 07:00 дөн тартып түнкү саат 00:00 го чейинки 1 күндүк эфир саналат.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен 57 эскертүү берилди.

2019-жылдын 21-январындагы телеберүү эфирлеринин биринчи пландан тышкаркы мониторингинин жүрүшүндө 40 телеканал текшерилип, 32 телеканалга эскертүү берилген.

Ал эми 15-июлдагы телеберүү эфирлеринин экинчи пландан тышкаркы мониторингинин жүрүшүндө 43 телеканал текшерилип, 25 телеканалга эскертүү берилген. Бүгүнкү күндө телеканалдардын телеберүү эфирлеринин кезектеги мониторинги жүргүзүлдү. Жер үстүндөгү санариптик эфирдик форматта берилүүчү телерадио уюмдардын тизмесинен 33 телеканалдын берүүлөрү эсептелип чыгып, эфирлердин жалпы көлөмү 561 саатты же 33 660 мүнөттү түздү.

Мониторингинин жыйынтыгында, Кыргыз Республикасынын «Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө» мыйзамынын 32-беренесинин 3-пунктуна ылайык, телерадио уюмдарга телеканалдардын эфирлеринде тасма продукциясын Кыргыз Республикасынын аймагында көрсөтүү укугун берүүчү документтерди берүү тууралуу суроо-талап каттары жиберилди. Текшерүүнүн жыйынтыгында баардык материалдар, анын ичинде телерадио уюмдардын жооптору менен, тиешелүү чечимдерди кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине жиберилди.

Департамент, Кыргыз Республикасынын «Бузуулар жөнүндө» Кодексине ылайык, аныкталган бузуулардын далили боюнча 4-категориядагы айып пул салуу жараянын баштоо укугу бар. Айып пул юридикалык жактарга 23 миң сомду түзөт. Белгилей кетсек, айып пул ар бир ченемге (мамлекеттик тил боюнча жана ата мекендик өндүрүштөгү контент боюнча) өз-өзүнчө салынат.

Бүгүнкү күндө Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти тарабынан колдонулуучу технологияларга карабастан аналогдук берүүдө жана (же) берүүнүн санариптик пакетинде телерадиоканалды жайгаштырууга 765 уруксат кагазын берди. Алардын ичинен 132си (92 телеканал, 40 радиоканал) телерадио уюмдарга жана 633ү (7) телерадиоберүү операторлоруна берилген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген