Өлкөнүн үч шаарында 11-июлда кайрадан шайлоо болуп өтөт

Үч шаарда – Бишкек, Ош жана Токмокто 11-июлда кайталап шайлоо болуп өтөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жогоруда аталган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына шайлоону мыйзамга ылайык уюштуруу , ошондой эле министрлер кабинети – БШКнын бюджетине ылайык керектүү финансылык ресурстарды бөлүп берүү тапшырмалары берилди.

Алар:

Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын, мыйзамдуулукту жана коомдук коопсуздукту, санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту жана жарандардын ден-соолугун коргоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү. Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын мэриялары калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана тийиштүү шайлоо комиссияларынын шайлоочулардын тизмесин түзүү, тактоо жана уюштуруу-материалдык-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине көмөктөшсүн.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Эске салсак, 11-апрелде Кыргызстанда 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо жана жаңы Конституциянын долбоорун кабыл алуу боюнча референдум болуп өттү. Бишкектеги шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды, буга чейин БШК Ош жана Токмок шаарларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп тапкан.

Билдирмелерди берүү, кечелерди каттоодон өткөрүү жана үгүт иштерин жүргүзүү мөөнөттөрү үчтөн бирине кыскарганы көрсөтүлгөн.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.