Өлкөнүн бардык региондорунда дарыгер-тренелерден турган командалар даярдалып жатат

Коронавирус инфекциясынын божомолдонгон экинчи толкунуна даярдануу планынын алкагында, Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19 боюнча дарыгерлердин жана медайымдардын мультидисциплинардык командасы (МДК) үчүн окутуу программасынын концепциясын иштеп чыгып, бекитти.
Окутууну ЮСАИДдин жардамы менен “Тренерлердин тренинги” аталышындагы моделдин негизинде өткөрүү пландалууда, ага ылайык ар кандай адистиктеги МДК дарыгерлери COVID-19 менен ооруган адамдарга жогорку сапаттагы медициналык жардам көрсөтүүнү үйрөнүп, ошондой эле башка дарыгерлерди окутуу үчүн керек болгон билимге ээ болушат.

МДКнын түзүмүнө кызыл зоналарда иштөө тажрыйбасы бар, ар кандай адистиктеги мотивацияланган дарыгерлер кирет, алардын арасында пульмонолог, инфекционист, реаниматолог, кардиолог, педиатр, акушер-гинеколог, эндокринолог, психолог жана башка адистер бар. Тренер жана окутуучулар катары, профессор Талантбек Сооронбаев жана Айнур Кутманованын координаторлугу алдында медицина илиминин ар кандай тармагынын алдыңкы адистери тартылды.

14 –сентябрдан 19-сентябрга чейин Бишкек шаарында улуттук деңгээлдеги биринчи сертификацияланган мобилдик МДК окутулуп, 17 дарыгер жана 11 медайым даярдалды, азыр алар жардам көрсөтүүгө жана башка дарыгерлерге тренинг өтүүгө даяр.

Улуттук деңгээлдеги экинчи МДКны окутуу Ош шаарында 21-сентябрь күнү башталды, окуу 26-сентябрга чейин уланат. Жакын арада республиканын ар бир регионунда дагы 7 мобилдик МДКны окутуу жана даярдоо пландалууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген