Өлкөнүн 5 облусундагы аймактарга жана Бишкекке жергиликтүү судьялар дайындалды. Тизме

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын, Ош, Жалал-Абад, Талас, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын жергиликтүү судьяларын дайындады.

2020-жылдын 5-мартында Мамлекет башчысы судьялыкка талапкерлер менен маэктешүү өткөргөн. Маэктешүүнүн жана кошумча берилген материалдардын жыйынтыгы менен КРнын Жогорку соту менен бирге судьялык кызматка 10 талапкерге макулдук берилген.

Президент чыгарган Жарлыктарга ылайык, төмөнкү кызматкерлер судьялык кызматты аркалоого киришет:

Бишкек шаары: Ленин райондук сотуна: Жолдошова Мээрим Адамжановна;

Ош облусу: Кара-Суу райондук сотуна: Арзиев Марс Мусаевич;

Жалал-Абад облусу: Жалал-Абад шаардык сотуна: Суханбердиев Данияр Абдамитович;

Талас облусу: Кара-Буура райондук сотуна: Таджибаева Тахмина Саматкановна;

Ысык-Көл облустук сотуна: Сатимкулов Убайдулла Акилбекович, Шукуралиев Альгис Рыспекович;

Ысык-Көл райондук сотуна: Казаков Кеңешбек Осмонович;

Түп райондук сотуна: Джолбунов Нурбек Болотбекович;

Чүй облусу: Ысык-Ата райондук сотуна: Джунушева Назгуль Турусбековна.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген