Өлкөгө өзгөчө абал киргизүүнүн кажети жок экенин республикалык штаб маалымдады

Өлкөгө өзгөчө абал режими кирбейт. Бирок санитардык нормалар катуу көзөмөлдөнөт. Бул тууралуу республикалык штабдан белгилүү болду.

“Республикалык штаб өзгөчө абал киргизүүнүн кажети жок деген чечимин чыгарды. Бирок ошол эле убакта мамлекеттик кызматкерлердин арасында вирус жуктургандар көп болгондуктан, аралыктан иштөө сунушталды. Андан сырткары, шаар башчылары менен жергиликтүү бийликке коомдук жайларда, базарларда, соода борборлорунда санитардык талаптарга көзөмөлдү жана элге түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырмасы берилди”, – деди Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев.

Ош шаардык мэриясынын 1 кызматкеринен вирус аныкталды

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.