Өлкөгө ПЧР анализи терс деп табылган туристтер келе алат

Кыргызстанга COVID-19га карай ПЧР анализи терс деп табылган туристтер келе алат. Республикалык ыкчам штаб белгилегендей, дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясына каршы вакцинациялоо ыктыярдуу негизде жүргүзүлүүдө.

Учурдагы алгоритмдерге ылайык, чет элдик жарандардын жана туристтердин өлкө аймагына кирүүсүнө коронавирус инфекциясына карай тестирлөөнүн терс жыйынтыгы (72 саатка жарактуу) болгон учурда уруксат берилет.

Коронавирустан вакцинациялангандыгы тууралуу сертификаттын болушу республикасынын аймагына кирүү үчүн милдеттүү талап катары саналбайт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.