Өлкөгө коронавируска каршы 1,25 млн доза вакцина келди. Видео

Кыргызстанга Кытайдан атайын борт менен коронавирус инфекциясына каршы Sinopharm вакцинасынын 1,25 млн дозасы келди.

Анын ичинен 1 миллион 100 миң доза вакцина республикалык бюджеттин эсебинен сатылып алынган, ал эми 150 миң доза кытай тараптан бекер берилген.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кытай мамлекетине көрсөтүлгөн колдоосу жана көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.