Өлкөгө 1,5 млн доза «Sinopharm» вакцинасы келди

Кыргызстанга COVID-19 каршы 1,5 млн доза «Sinopharm» вакцинасы жеткирилди. «Манас» эл аралык аэропортунда Кытайдан келген гуманитардык жардам тапшырылды.

Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Кыргызстандагы Кытайдын элчиси Ду Дэвэнь катышты.

Эдил Байсалов кыргызстандыктарга кайрылып, өздөрүн жана жакындарын, өзгөчө, улгайган жана өнөкөт оорулары бар жарандарды эмделүүгө чакырды.

«Биз келерки жылдын орто ченинде жаңы «omicron» штаммынын пайда болушун күтүүдөбүз. COVID-19 инфекциясынын күчөшү ыктымал жана ага чейин жарандар эмдөөдөн өтүүгө үлгүрүшү керек. Өнөкөт оорулардын болушу эмдөөгө каршы көрсөткүч болуп саналбайт, тескерисинче, жарандардын бул категориясы тобокел топко кирет жана алар биринчи кезекте эмдөөдөн өтүшү керек», – деди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.

Ал эми Ду Дэвэнь көрсөтүлгөн жардам эмдөө процессине оң таасирин тийгизет жана республиканын жарандарынын ден соолугун коргойт деген ишенимин билдирди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.