Өлкөдө жыл башынан бери уй эти 18 сомго кымбаттады

Өлкө аймагында уйдун этинин баасы 18 сомго кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.

Маалыматка ылайык, өткөн жылы уй этинин 1 килограммы 323 сом болсо, учурда 341 сомдон сатылууда.

Алсак муну менен баалар 5,2 пайызга жогорулаган.

Ал эми Оштогу бааларды билүү үчүн Ош шаары жана облусу боюнча монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине байланышканыбызда, базарда бул баалар 1-2 сомго төмөн экендигин айтышты.

Эске салсак, буга чейин Ош шаардык мэриясында жыйын болуп, анда этти 340 сомдон сатуу тууралуу чечим чыккан.

 

Ошто 4-октябрдан тарта эттин баасы арзандайт

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.