Өлкөдө жарым миллиондон ашуун жаран COVID-19га каршы вакцина алды

5-августка карата өлкө боюнча 505 миңден ашуун адам коронавирус инфекциясына каршы вакцина алды, бул вакцинацияланууга тийиш болгон жалпы жарандардын 14,8 %ын түзөт.

Жалпысынан 641 миңден ашык вакцина колдонулган. Биринчи доза менен жарым миллиондон ашык адам эмделген, ал эми экинчи доза менен 135 миңден ашуун адам эмделген.

Белгилей кетсек, COVID-19 каршы вакцинациялоо боюнча улуттук пландын алкагында өлкөдөгү 3,4 миллион адам эмдөөдөн өткөрүлүүчү максаттуу топ катары аныкталган. Максаттуу топко 18 жашка чейинки балдар, тышкы эмгек мигранттары киргизилген эмес. Коллективдик иммунитет түзүлүшү үчүн максаттуу топко киргизилген 70% кем эмес жарандарды вакцинациялоо зарыл, ал 2,4 млн адамды түзөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.