Өлкөдө вирустун жайылуу мөөнөтүнүн туу чокусу 20-24-апрель деп божомолдонуп жатат

Өлкөдө вирустун жайылуу мөөнөтүнүн туу чокусу 20-24-апрель деп божомолдонуп жатат. Мындай билдирүүнү Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, божомол жүргүзүү үчүн атайын эксперттик топ иштөөдө.

“20-апрелден 24-апрелге чейин деп жатышат. Туу чокусуна батыраак жетсек жакшы болот эле. Себеби оору жайылуунун туу чокусунан кийин сөзсүз басаңдай баштайт. Инкубациялык мөөнөт аяктагандан кийин бул илдетти алдын алуу иштерине өтөт элек”,-деи Үсөнбаев.

14-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуккан дагы 11 адам катталып, 18-марттан бери жалпы саны 430га жетти. Бешөө каза болду, 71 адам айыгып чыкты.

Кыргызстанда 22-марттан тартып өлкө боюнча өзгөчө кырдаал, 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

Коронавируска каршы республикалык штаб өзгөчө абалды дагы узартууну сунуш кылды.

Нурбаев: дарыгерлерге үстөк пайызсыз ипотекага үй берилиши керек

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген