Өлкөдө ВИЧтен каза болгон балдардын саны азаюуда

Өлкөдө ВИЧ менен жабыркаган балдардын өлүмү азайды. Бул тууралуу 24kg сайты Ош облустук ооруканасынын СПИДке каршы күрөшүү борборунун башкы дарыгери Элмира Нарматовага шилтеме берүү менен жазды.

Нарматованын маалыматы боюнча, ВИЧ менен ооруган жашы жете элек балдардын 90%ы дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүнө алынып, вируска каршы дарыланып турушат.

“Балдар зарыл болгон медициналык кароолордон өтүп, керектүү жардамдарды алып жатышат. Күндөн-күнгө алардын абалы, жашоосу жакшырууда. ВИЧтен каза болгондор жок”,- деген Элмира Нарматова.

Башкы дарыгер кошумчалагандай, аталган вирус менен жабыркаган балдардын 75%ы өспүрүм куракка жетип, алар коомдогу статустарын билип жатат.

“18-20 жашка чыккандары бар. Баш кошкон жубайлар да бар, алардан дени сак, жакшынакай балдар төрөлдү. Бул багытта биз чоң күч жумшап, болгон аракетибиз менен эмгектенүүдөбүз”,-деп билдирди башкы дарыгер Нарматова.

Кыргызстан боюнча 650дөн ашык бала ВИЧ инфекциясын жуктуруп алган. 2018-жылдагы маалымат боюнча караганда, вирус менен жабыркаган 381 баланын 45и каза болгон.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген