Өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт

 5-февралдан 7-февралга чейин туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирүү таратты.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунда жаан карга айланышы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

6-февралдан 9-февралга чейин абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -17…-22°, күндүз -6…-11°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -8…-13°, күндүз -1…-6°, тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -13…-18°, күндүз -3…-8°, Ысык-Көл ойдуңунда  түнкүсүн -7…-12°, күндүз 0…-5°, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында -13…-18°, күндүз 0…-5°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -28…-33°, күндүз -12…-17°, бийик тоолуу райондордо жана Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -33…-38°, күндүз -13…-18° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз суук аба-ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Катуу жаан жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылдоосун кыйындатат.

         Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2019-жылдын 31-январында №88-Т телефонограммасы чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген