Өлкөдө сутка ичинде 9 өрт кырсыгы катталды

Кыргызстанда суткан ичинде 9 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 9 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 4, Ош облусунда 1, Ош шаарында 1, Жалал-Абад облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган:

  • Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кен-Сай айылында турак үйдүн 20 чарчы метр ашкана бөлмөсү, ашкана эмереги, аристон, муздаткыч, газ баллон күйгөн. Өрт электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушунан келип чыккан.

  • Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Октябрь айылында жалпы аянты 24 чарчы метр болгон жыгач устундуу тунуке менен жабылган бастырма жана жумшак эмерек, 2 кир жуугуч машина, 8 килем толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

  • Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Милянфан айылында жыгач устундуу темир менен жабылган турак үйдүн 80 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.