Өлкөдө супермаркеттерде жана дарыканаларда эмдөө пункттары ачылат

Республика боюнча эмдөө пункттары супермаркеттерде жана дарыканаларда ачылат. Мындай билдирүүнү министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынынын жүрүшүндө билдиргенин парламенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Анда маалым болгондой, жолугушуунун жүрүшүндө эпидемиологиялык кырдаал, саламаттыкты сактоо уюмдарындагы дары-дармектердин, медициналык багыттагы буюмдардын, жеке коргонуу каражаттарынын камдануусу, эпидемиялык абал начарлап кеткен учурда шаарлар менен аймактар ​​боюнча иш-чаралар планы, калкты эмдөө планы боюнча маселелер каралды.

Жылдыз Бакашова белгилегендей, келерки жумада Кытайдын Синофарм вакцинасынын 1 миллион 250 миң дозасы келип, республиканын аймактарына бөлүштүрүлөт.

«Республикада эпидемиологиялык абал кескин түрдө начарлап баратат. Учурда жергиликтүү бийлик тарабынан эч кандай чектөө киргизилген жок, бирок зарылчылык болсо чектөө чаралары көрүлүшү мүмкүн. Жакынкы аралыкта 1 миллион 250 миң доза кытай вакцинасы Кыргызстанга алынып келинет, андыктан калкты эмдөө процессин мүмкүн болушунча тездетүү керек. Бишкек шаарындагы вакцина борборлорунун күнү-түнү иштешин камсыз кылуу зарыл. Мындан тышкары, эмдөө пункттары супермаркеттерде жана дарыканаларда ачылат. Коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүү жалпы иш экендигин баса белгилегим келет, ошондуктан бардык мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын координациясы, өз ара аракеттенүүсү жана жардамы керек », – деди ал.

Штабдын отурумунан кийин коргоо министрлигине Семетей мейманканасында медициналык кызматкерлердин байкоо зонасын уюштуруу маселесин чечүү тапшырылды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.