Өлкөдө өспүрүмдөргө карата жасалган кылмыштуулук көбөйдү

2018-жылы өспүрүмдөргө карата жасалган кылмыш иши көбөйгөн. Бул тууралуу ИИМ министри Кашкар Жунушалиев жыйында билдирди.

Тактап айтканда, 2017-жылы жаш өспүрүмдөргө карата 1075 кылмыш жасалса,  2018-жылда бул көрсөткүч 1473гө өскөн. Ал эми жаш өспүрүмдөр тарабынан катталган кылмыштын саны өткөн жылдач 1432ге жеткен.

Ал эми жалпы өлкө аймагында укук коргоо органдары тарабынан 29 миң 718 кылмыш катталган.
2018-жыл ичинде милиция кызматкерлери тарабынан баардыгы болуп 210 ыкчам каттоодо турган кылмыштуу топтордун мүчөлөрү ар кандай кылмыш фактылары менен кармалган. Анын ичинен 44ү уюшулган топтордун мүчөлөрү,  ар түрдүү топтордун мүчөлөрү 166, кармалгандардын ичинен 7 адам криминалдык чөйрөдө жүргөндөр болуп саналат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген