Өлкөдө оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

1-июлдан 1-сентябрга чейин оор жүк ташыган унааларга күндүзү жолдо жүрүүгө тыюу салынды. Мындай чечим күн ысык учурунда жолдордун бузулуусунан сактоо максатында кабыл алынганын 11-июлда Транспорт жана жолдор министрлигинен кабарлашты.

Күндүн ысыктыгы 25 градустан ашкан учурда салмагы 25 тоннадан жогору унаалар эртең мененки саат 9дан, кечки 8ге чейин унаа жолдордо жүрүүсүнө тыюу салынат.

Аталган чектөө гуманитардык жардам, элди, кооптуу жүктөрдү, атайын уруксаты бар жүктөрдү ташыган унааларга тиешеси жок.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген