Өлкөдө Нооруз майрамына карата эч кандай иш-чара өтпөйт

Өлкөдө Нооруз майрамына карата массалык иш-чаралар өтпөйт. Спорттук жана маданияттык иш чараларга тыюу салынышы коронавирустун алдын алуу максатында экендигин вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова “Биринчи радиого” кабарлады.

Өмүрбекова маалымдагандай, министрлик коомчулукту массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынгандыгы тууралуу болжол менен бир жумадай мурун маалымдаган.

“8-мартка байланыштуу эч кандай иш-чаралар өткөн жок. Ноорузда да концерттер уюштурулбайт. Учурда массалык иш-чараларга: спорттук мелдештерге, семинарларга, тегерек столдорго, форумдарга жана театрда өтүүчү иш-чараларга убактылуу тыюу салып жатабыз. Буга жарандар түшүнүү менен карайт деп үмүттөнөбүз”,- деди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген