Өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны кайрадан өстү. Буга партиялардын үгүт иштери себеппи?

18-сентябрга карай 91 адамдан коронавирус илдети аныкталып, алардын үчөөсү медицина кызматкерлери экендиги маалым болду. Вирус жуктуруп алгандардын эң көбү Баткен, Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында.

Премьер-министр Кубатбек Боронов 15-сентябрда брифингде учурдагы абал кайрадан мурунку кырдаалга түшүп  калуу коркунучу бар экендигин айтып, буга жарандардын кайдыгер мамилеси себеп экендигин айткан.

“Айрым жарандар беткап тагынууну таптакыр унутту. Рейддер жүрүп, эскертүүлөр берилгенине карабай, кафе-ресторандарда той-аштар кадимкидей өтүп жатат. Мунун аягы жакшы болбойт. Кээ бир мамлекеттерде оору кайрадан күчөп жатат. Андай абалга биз да түшүп калбаш үчүн баарыбыз санитардык нормаларды аткарсак жакшы болмок”,-деди Өкмөт башчы. 

Ал эми социалдык тармактарда коронавирустун жайылышына партиялардын шайлоого карата жасаган үгүт иштери себеп экекндигин айткандар бар.

“Таң калам, коронавирустун экинчи толкуну болот деп атышат, анда неге партиялар 100- 200дөн ашык адамдарды чогултуп алып, эч кандай санитардык эрежелерди сактабай эле үгүт иштерин аткарып жатышат? Же эмне, үгүт учурунда жукпайбы вирус?”,-деп жазат Фейсбук колдонуучу.

Ага улай саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустун экинчи толкунуна каршы турууга жардам берүүчү вакцинанын өлкөгө алынып келе баштаганын билдирди. 16-сентябрдан тарта жарандарды вакцинациялоо иштери башталды. Биринчи кезекте вакцинаны тобокел топторуна кирген жарандар алышат. Вакцинациялоо ҮМБ, ҮБДТ, ҮДТ жана жеке клиникаларда жүргүзүлөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген