Өлкөдө коронавирус туу чокуга жеткен жок

Өлкөдө коронавирус илдети туу чокуга жеткен жок. Мындай билдирүүнү бүгүн, 5-майда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымдады.

Үсөнбаевдин айтымында, эпидемиологиялык сызыктардагы сандарга ылайык, вирус орто деңгээлде кармалып турат.

“Жалпылап айтканда, коронавирус инфекциясы өтө кооптонууну деле жараткан жок. Анткени бизде ооругандардын саны жогорку көрсөткүчкө жеткен жок. Биз ооругандардын санын жогорку ченге жеткирбей кармап калдык. Эгердеммындан ары да ушул деңгээлди кармап турсак, вирусту жуктургандардын саны азаят деген ойдобуз”, – деди министрдин орун басары.

Бишкекте коронавирустан 1 бейтап каза болду

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.