Өлкөдө инветициянын көлөмү 60 пайызга көбөйдү

2019-жылдын биринчи алты айынын жыйынтыгы менен чет элдик түз инвестициянын көлөмү 60% га жогорулады. Тышкы соода балансынын дефицити 450 млн АКШ долларына кыскарды. Ишкерлер үчүн ишкердик чөйрөнү жакшыртуу боюнча реформа жүргүзүүдө прогресс көрсөткөнү үчүн Бүткүл дүйнөлүк банктын «Doing  Business» рейтингинде биздин мамлекет дүйнөдөгү өлкөлөрдүн топ-20 кирди. Бул тууралуу өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиев Бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйында айтты.

Ал салыктык башкарууну жакшыртуу, электр энергиясына кошулуу жана насыяга жеткиликтүү болууну жакшыртуу чөйрөлөрүндө жүргүзүлүп жаткан реформаларды белгилеп, мунун бары ишкерлер үчүн эң маанилүү жана аярлуу чөйрө экенине токтолду.

Инвестициялык климаттын баасы боюнча кадырлуу эл аралык рейтингде эки жылдан бери прогрессти көрсөтүп келе жатабыз. Кен тармагынан көз карандысыздыкты азайтуу максатында экономиканы диверсификациялоо үчүн чараларды көрүү зарыл. Экономиканы өнүктүрүү темпин, анын ичинде ири экономикалык долбоорлорду ишке ашырууну арттыруу абзел. Ири жана стратегиялык инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга аракеттешүү үчүн вице-премьер-министрлердин деңгээлинде кураторлук аныкталган. Бул чара келип чыккан көйгөйлөрдү ыкчам чечип, инвесторлордун ишеним деңгээлин жогорулатат», – деди ал.

Ал кошумчалагандай, Өкмөт ишиндеги артыкчылыктардын бири бизнес чөйрө менен бирге аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү болуп саналат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.