Өлкөдө хоккей боюнча эл аралык мелдеш өтөт

Бишкекте балдар жана кыздар арасында хоккей боюнча эл аралык мелдеш болуп өтөт.

Уюштуруучулардын айтымында, турнир 13-18-сентябрда шаардык муз тебүү аянтчада болот.

Мелдешке Беларусь, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан 2010 -жылы туулган улан -кыздардан куралган 8 команда катышат.

Турнирдин максаты – Кыргызстанда хоккей боюнча балдар жана жаштар командасын түзүү.

Катышуучу командалардын тизмеси:

  • “Динамо” ХК (Минск, Беларусь)
  • “Хумо” ХК (Ташкент, Өзбекстан)
  • “Бинокор” ХК (Ташкент, Өзбекстан)
  • “Туран” ХК (Шымкент, Казакстан)
  • “Алма-Ата” ХК (Алматы, Казакстан)
  • “Нарын Хоукс” ХК (Кыргызстан)
  • “Алга-1” ХК (Бишкек, Кыргызстан)
  • “Алга-2” ХК (Бишкек, Кыргызстан)

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.