Өлкөдө “Гендердик зомблука каршы активдүү 16 күн” кампаниясы жүрүп жатат

Бишкек шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун Үйүндө өткөн “Гендердик зомблука каршы активдүү 16 күн” ар жылкы кампаниясы жүрүп жатат. Иш-чаранын ачылышына  27-ноябрда өкмөт башчы Сапар Исаков катышты.

Исаков аталган акциянын өткөрүлүшүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Премьер-министрдин айтымында, аялдарга жана балдарга карата зомбулук көрсөтүү көйгөйүн чечүү маселеси комплекстүү каралышы керек жана калктын коопсуздугу, коомдо зомбулукка жол бербөө, билимге жана инновацияларга жеткиликтүүлүктү жакшыртуу боюнча компоненттерди камтуусу керек.

“Биз жалпыбыз биргеликте ириде аталган көйгөйдү чечүүбүз керек. Зомбулукту жоюу менен өлкөбүздүн жаркын келечегин камсыздай алабыз. Алгач муну өзүбүздөн баштобуз керек”, – деди Сапар Исаков.

Премьер-министр белгилегендей, “Таза Коом” улуттук долбоорун ишке ашырууда өлкө жарандарынын жашоосун жакшыртууга шарт түзүлөт, аялдар жана кыздар үчүн билим жана инновацияларга карай жеткиликтүүлүк жакшырат, ошондой эле алардын экономикалык бакубаттуулугуна жол ачылат.

“Таза Коом” долбоорунун алкагында республикалык бюджеттин каражатын оптимизациялоого байланыштуу өкмөттө көлөмдүү каражатты социалдык маанилүү маселелерге, анын катарында аялдар жана балдарага карата зомбулук көйгөйүн чечүүгө багыттоо мүмкүнчүлүгү пайда болот.

Премьер-министр белгилегендей, аталган иш-чара алкагында айтылган бардык сунуштар тийиштүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлүп, Өкмөт көзөмөлүнө алынат.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar