Өлкөдөгү мектептер аккредитациядан өткөрүлүп жатат

Кыргызстандагы билим берүү мекемелери бул жылы биринчи жолу аккредитациядан өткөрүлүп жатат. Ар беш жылда текшерүүдөн өтүп турган билим уяларынын билим сапаты жакшырып, базасынын чыңалышы үчүн бул чечим өкмөттүн буйругу менен чыккан. Мындан улам, мектептер  мамлекеттик же жеке мектеп экендигине карабай, аккредитациядан өтүүгө милдеттүү. Аккредитациядан өтпөгөн мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө тиешелүү документтер берилбейт.

Билим берүү жана илим министрлигинин жетектөөчү адиси Бактыгүл Акулованын айтымында, аккредитациянын биринчи этабында билим берүү уюмдары 5 жылдык мөөнөткө аккредитациядан өтүшөт.

“Биринчи этаптан өтпөй калган мекемелер экинчи этапта бир жылдык текшерүүдөн өткөрүлүшү керек. Бир жыл ичинде көрсөтүлгөн бардык кемчиликтерин жоюп, кайрадан аккредитациядан өтүүгө арызын беришет. Экинчиден да өтпөй калган мектептердин бүтүрүүчүлөрү башка билим берүү уюмуна эгзамендерди тапшырып, ошол жерден аттестат же диплом алуу укугуна ээ”,- дейт Акулова.

Аккредитация 3 этаптын негизинде жүрүп, мектептер өзүн-өзү баалоо, окуучуларды улуттук тестирлөөдөн өткөрүү талабы коюлган. Бул шарттарды жетиштүү деңгээлде аткарганда гана аккредитациялоо чечими чыгат.

Билим берүү академиясынын вице-президенти Алмазбек Токтомаметовдун билдирүүсүндө,  буга мектептердин көпчүлүгү даяр эмес, токтом көптөгөн мектептерге көйгөй алып келип, айрым мектептердин жабылышын шартташы мүмкүн.

“Ар бир мектептин базасын, билим берүү деңгээлин аныктоо- аккредитациянын максаты. Бул жакшы, чечим шашылыш кабыл алынгандыктан, албетте жасалмалуулукка шарт түзүп жатат десем болот. Баары бир учурда эмес, этап-этап менен, узагыраак убакытта болсо, мындай кемчиликтер болмок эмес . Андыктан,өкмөт аккредитация тууралуу кеңири түшүнүк берип, анын механизмдерин кайрадан иштеп чыгуусу зарыл”,- дейт Токтомаметов.

Талдоочулардын айтымында, мектептердин сапатына, окуучулардын жетишкендигине маани берип, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу керек. Ошондо гана аккредитация оң жыйынтыгын берет.

Текст: Таңкыз Эргешбаева

Гүлзара Бакаева

Оперетор-монтажёр: Рустам Алымбаев.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген