Өлкөдөгү кырдаал жылуулук берүү тармагынын ишине таасирин тийгизбеши керек

Өлкөнүн Билим берүү жана Саламаттыкты сактоо мекемелери кышка 74-76%га даяр. Бул тууралуу жылытуу мезгилине даярдык көрүү боюнча жыйында белгилүү болду.

КРнын тармактык мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери чогулган жыйында кыш мезгилине даярдыктар тууралуу сөз болду.

Жыйындын жүрүшүндө калкты жылуулук жана электр энергиясы менен камсыз кылуучу мамлекеттик органдар штаттык режимде иштеп жаткандыгы маалым болду.

«Өлкөдөгү кырдаалга карабастан, жылытуу мезгилине даярдык көрүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүгө тийиш. Кышка кам көрүү жумуштарын белгиленген тартипте алып баруу зарыл», – деп белгилешти жыйындын катышуучулары. 

Анда белгилүү болгондой, өлкөнүн аймактарында отун базалары даярдалды. Региондорго көмүр жеткирүү иштери бекитилген тартипте жүргүзүлүп жатат.

Жыйындын жүрүшүндө көмүрдүн баасынын негизсиз жогорулашын алдын алуу боюнча иштерди күчөтүү тапшырмасы берилди.

Ош облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген