Өлкөдөгү бардык бала-бакчалар жабылат

Өлкөдө 20-марттан тарта бала-бакчалар жабылат. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Кыргызстандын билим берүү министрлиги өлкөдөгү эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин бала бакчалардын ишин токтото туруу чечимин кабыл алды.

Эскерте кетсек, кечээ, 18-мартта Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы учур катталганын билдирди. Алар Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун үч жашоочулары экендиги белгилүү болгон.

Илдетти жуктуруп алгандар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан учуп келишкен.

Учурда вирус аныкталган Сузак районуна өзгөчө кырдаал киргизилген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген