Өлкөдөгү 56 мектепте дин таануу сабагы өтүлүүдө

Өлкө аймагындагы 56 мектепте пилоттук долбоордун негизинде “Дин таануу” сабагы өтүлүп жатат. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов билдирди.

“Бул сабак азырынча пилоттук негизде 56 гана  мектепке киргизилди.  Эгер жыйынтыгы жакшы болсо, бардык билим берүү мекемелерине жайылтууну пландап жатабыз. Анткени жаштардын  турдүү агымдарга бат кирип кетүү коркунучу жогору. Ошол себептен жаштардын диний маалыматтуулугун жогорулатуу учурдун талабы”- дейт Эргешов.

Азыркы тапта, пилоттук долбоордун алкагында Оштогу 6 мектепте окуучулар дин таануу сабагын окуп жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген