Өлкөдө дагы 20 медкызматкер вирус жуктуруп алды

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 20 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Алар:

  • Ош ш. – 1
  • Чүй облусунда – 10
  • Ош облусунда – 1
  • Жалал-Абад облусунда – 6
  • Ысык-Көл облусунда – 1
  • Талас облусунда – 1

Ал эми бир суткада 7 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 68 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2711 учур катталды, алардын ичинен 1595 медкызматкер айыкты.

Өткөн суткада 18 киши каза болду

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген