Өлкөдө COVID-19га каршы эмдөөнүн электрондук сертификатын алуу кызматы иштелип чыкты

COVID-19 эмдөөсүнүн фактысын тастыктоо, ошондой эле эмдөө сертификатынын талаптагыдай корголушун камсыз кылуу максатында коронавируска каршы эмделбеген Кыргыз жарандары үчүн сертификат алуу кызматы иштей баштады. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирилгендей, портал санариптик өнүгүү министрлигинин алдындагы «Түндүк» электрондук өз ара аракеттенүү борбору мамлекеттик ишканасы менен биргеликте иштелип чыккан. Мамлекеттик портал https://portal.tunduk.kg. ар кандай электрондук кызматтарга жана мамлекеттик органдардын кызматтарына жетүүнүн бирдиктүү чекити болуп саналат.

Электрондук сертификатта COVID-19 эмдөөсү жөнүндө маалымат камтылган, ошондой эле сертификаттын маалыматтарынын аныктыгын текшерүү үчүн QR коду бар.

Portal.tunduk.kg электрондук кызматтар порталында кызматтарды алуу үчүн, сиз төмөнкү жолдордун бири менен авторизациядан өтө аласыз:

  • булутка негизделген электрондук кол тамга, ал КРнын калкты тейлөө борборлорунда акысыз берилет.
  • eID / ID-карта (2017-жылдагы үлгүдөгү паспорт), паспорттор үчүн окурман жана кирүү паролу.

Электрондук сертификатты алуу үчүн төмөнкү кадамдарды жасоо керек:

  • https://portal.tunduk.kg/ дареги боюнча КРнын мамлекеттик электрондук кызматтар порталына кирип, булуттуу электрондук кол тамга жана eID аркылуу авторизациядан өтүү зарыл;
  • Электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталында “Ден-соолук” бөлүмүнө кирип, “COVID-19 эмдөөсүнө күбөлүк берүү” кызматын тандоо керек;
  • Электрондук күбөлүк алуу үчүн “Арыз тапшыруу” баскычын басуу;
  • Сертификат автоматтык түрдө түзүлөт, аны басып чыгарууга же PDF форматында документ катары сактоого болот;
  • Алынган сертификаттын аныктыгын текшерүү үчүн сертификат QR коду менен жабдылган.

“Эмдөөлөрдүн реестри” маалымат тутумунда Кыргыз Республикасынын жарандары жана чет өлкөлүк жарандар үчүн COVID-19 эмдөөсүнө күбөлүк берүү үчүн модулду иштеп чыгуу аяктоо стадиясында. Бул модуль саламаттыкты сактоо уюмдарында сертификаттарды берүүгө мүмкүнчүлүк берет жана алыскы аралыктан күбөлүк алууда кыйынчылыктарга дуушар болгон жарандар үчүн альтернатива болот.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.