Өлкөдө чоң масштабдагы “НотаФест” сынагы жарыяланды

Кыргызстанда мыкты ырдаган таланттарды табуу максатында масштабдуу деңгээлде “НотаФест” аталышындагы конкурс-фестиваль старт алды. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири, ырчы Бек Исраилов өзүнүн соц. баракчасында билдирди.

Айтымында, фестиваль заманбап стилде уюштурулуп жатат. Катышуучулар ырларды  хип-хоп, эстрада, реп, рок жанрларында аткарса болот.

“Өлкөбүздүн булуң-бурчунан жаш таланттарды издөөдөбүз. Бул иш-чараны Гүлмира Бейшеналиева уюштурууда. Учурда онлайн түрдө тандоо туру болуп жатат. Ал 28-майга чейин уланмакчы. Финалы 1-4-июнда Нарын шаарындагы драма театрда өтөт. Жеңүүчүлөргө акчалай жана баалуу сыйлыктар ыйгарылат. Бул фестивалды буга чейин Ак-Талаада өткөргөнбүз. Ал эми кийинкисин Ысык-Көлдө өткөрүүнү пландап жатабыз. Бара-бара эл аралык деңгээлде уюштуруп, чет элдик таланттарды өлкөбүзгө чакырсак деген ойлорубуз бар”, – деди ырчы.

Сынактын калыстар тобунун мүчөлөрү: Омар, Арсен, Айбек Замиров, Толгонай Арзыкеева, Жийдеш, Баястан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.