Өлкөдө беткап жана антисептикалык каражаттарды өндүрүү күч алат

Ата мекендик компанияларга беткаптарды жана антисептиктерди өндүрүүнү ыкчам баштоого көмөктөшүү зарыл. Тиешелүү тапшырма штабдын жыйынында мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына берилди. 

Жыйында маалым болгондой, вирусту жуктургандардын бири Бишкек шаарындагы үч ири базардын биринен жуктурган. Мындан улам, базарларда вирусту жуктуруунун тобокелдиги жогору экендигин байкоого болот.

Жыйындын жүрүшүндө үй карантинин сактоо, коомдук жайларда дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү боюнча маселелер талкууланып, жарандар беткап тагынбай, санитардык эрежелерди аткарбай жаткандыктары маалым болду.

Буга байланыштуу муниципалитетке бардык көзөмөлдөөчү санитардык-эпидемиологиялык чараларды күчөтүү сунушталды.

2020-жылдын 5-июнуна карата вирус жуктургандардын саны 1936 учурга жетти. Алардын ичинен 1340 бейтап айыгып, 22си каза болду.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген