Президент Апрель революциясынын 10 жылдыгы белгилөө боюнча жарлыкка кол койду

Бүгүн, президент Сооронбай Жээнбеков Апрель революциясынын 10 жылдыгын белгилөө жөнүндө жарлыкка кол койду. 

Эркиндик менен адилеттикти туу туткан намыскөй элибиздин мыкты уулдары 2010-жылдын 7-апрель күнү Кыргызстанда нукура демократиялык түзүлүштү орнотуу үчүн жанын берип, үй-бүлөлүк-кландык башкарууну кулатты.

2010-жылдын 7-апрелиндеги кайгылуу окуяларда курман болгондордун эрдигине терең таазим этип, алардын элесин түбөлүккө калтыруу, ошондой эле кыргыз элинин адилеттик үчүн күрөшүндө тарыхый мааниге ээ болгон Элдик Апрель революциясынын юбилейлик 10 жылдыгын 2020-жылы белгилөө максатында токтом кылынды:

  • Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланышкан иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
  • Уюштуруу комитети бир айлык мөөнөттө жогоруда аталган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыксын жана бекитсин.
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө иш-чараларды даярдоонун жана өткөрүүнүн аталган планын ишке ашыруу боюнча финансылык жана башка маселелерди чечүү сунуш кылынсын.
  • Бул жарлыктын аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчисине жүктөлсүн.
  • Бул жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Жарлыкка ылайык, элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланышкан иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы бекитилди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген