Өлкөдө алгачкы жолу инъекциялык ампула чыгаруучу заводдун курулушу башталды

Өлкөдө алгачкы жолу инъекциялык ампула чыгаруучу заводдун курулушу башталды. Өндүрүш үчүн бир гектардан ашык жер бөлүндү. Фундаменти даяр. Азыркы учурда куруучулар каркасын тургузууда. Бул тууралуу Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, курулуш иштери 2022 -жылдын кыш мезгилинде аяктайт.

Кыргызстандагы ири фармацевтикалык компаниялардын бири ички рынокту 20 пайыз дары менен камсыздайт. Штатдын курамында 100 адам бар.

Компания жылына 175 миллионго жакын инъекциялык ампулаларды чыгарат. Бул дээрлик өлкөнүн муктаждыктарын толугу менен канааттандырат. Заводдун пландарына ошондой эле коронавируска каршы вакцинаны чыгаруу кирет.

Долбоорго 7,7 миллион доллар сарпталат.

Фонддон белгилешкендей, азыр артыкчылык импортту алмаштыруучу ишканаларга финансылык колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.