Өлкөдө 80ге жакын эмдөө пункттары иштеп жатат

Республиканын бардык аймактарында 76 убактылуу вакцинация пункттары жайгаштырылды. Бул тууралуу ден соолукту чыңдоо жана коммуникация борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 10, Чүй облусунда 9, Ош шаарында 11, Ысык-Көл облусунда 7, Жалал-Абад облусунда 11, Ош облусунда 9, Нарын облусунда 10, Талас облусунда 5, Баткен облусунда 4 эмдөө пункттары иштөөдө.

Ал эми орусиялык Спутник V вакцинасын Бишкек шаарындагы №2, 6, 7 эмдөө пункттарынан алса болот.

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө 26-мартта башталган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.