Өлкө боюнча кар көчкүнү атып түшүрүү иштери уланууда

22-26-декабрь аралыгында кар көчкү түшүү коркунучу бар аймактарда артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атып түшүрүү иштери улантылат.

Маалыматка ылайык, Ала-Бука — Каныш-Кыя (62-100-чак.), Красная-Горка-Ак-Таш (1-9-чак.) жана Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу (74-76, 88-89 жана 100-115-чак.) унаа жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу жаралган.

23-декабрь күнү Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 3-9-чакырымдарында (Капчыгай тилкеси) жана Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 86-87-чакырымында кар көчкүсүн атып түшүрүү иштерин жүрдү.

Мындан сырткары, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 96-97-чакырымында (Ой-Тал айылы) кар көчкүсүн атып түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген