Өлкө башчысы Кой-Таштагы окуяда каза болгон Үсөнбек Ниязбековдун жакындарына көңүл айтты

Сооронбай Жээнбеков каза болгон УКМКнын “Альфа” тобунун кызматкери Үсөнбек Ниязбековдун   ата-энесине, балдарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.

“7-августта Кой-Таш айылында, тилекке каршы, бир канча адам жаракат алып, укук коргоо органдарынын бир кызматкери атылган октон каза болду. Кырчындай болгон жигитибиздин өмүрү — бийликтен да, байлыктан да, ар кандай саясий дымактан да кымбат эле. Энеси — Өктөм Мамаева менен кечээ эле мекендештердин форумунда жолуктум эле. Жүрөгүм ооруп турат, аза кайгысын тең бөлүшөм», — деп айтты өлкө башчысы.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген