Өлкө башчы: Мени эч ким коррупцияга аралашкан деп айыптай албайт

Президент Сооронбай Жээнбеков азыркы көптөгөн саясатчылардан айырмаланып, чарбада иштегенин, ал ишти сыртынан эмес, ичинен көрүп, колу менен жасап, бийликтин бардык тепкичтерин басып өткөнүн айтты. Ал бул сөздөрүн “Биринчи радиого” берген кезектеги маэги учурунда сүйлөдү.

Ал 1995-жылдан бери чоң саясатта келе жатканын эске салып өттү.

Мамлекет башчысы ошондой эле иш болгон соң кемчиликтер болорун, бирок эч ким аны коррупцияга аралашкан деп айта албай турганын кошумчалады.

«Аралашкан эмесмин жана аралашпайм. Эч кимге материалдык жактан көз каранды болгон эмесмин. Ар кандай шектүү схемаларга катышкан да эмесмин. Мына ушул тазалыгым мага азыр коррупция менен жүзүм жарык күрөшүүгө мүмкүндүк берүүдө. Өзүмө көп учурда сын менен караган адаммын. Кылган иштеримди айткым да, мактангым да келбейт. Бирок Кудай алдында, өзүмдүн абийиримдин алдында, эл алдында тазамын деп ишенимдүү, эч жалтактабай айта алам», — деп жыйынтыктады Сооронбай Жээнбеков.

«Өзүмдү пиар кылбайм» Президент ага карата айтылган сын-пикирлер тууралуу суроолорго жооп берди

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген