Өлкө башчы 2 күндүк иш сапары менен Ош облусунда болот

Президент Сооронбай Жээнбеков 9-10-сентябрь күндөрүндө эки күндүк иш сапары менен Ош облусуна келет. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, проезидент Ош шаарында жана Кара-Суу районунда билим берүү жана медицина объектилеринин, аймактын ички жолдорунун курулушу менен таанышып, ошондой эле айыл чарба жана өнөр-жай ишканаларынын ишмердүүлүгүнөн кабар алат.

Мындан сырткары президент сот системин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын санариптештирүүнүн жана коронавирус пандемиясы шартында инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн көрүп чыгат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.