Өлкө аймактарында орус тилдүү мектептер курулат

Кыргызстанда Орусиянын жардамы менен орус тилдүү мектептер курулат. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда президент Садыр Жапаров менен Билим берүү министри Болотбек Купешевдин жолугушуусунан кийин белгилүү болду.

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, Купешев орус тилдүү мектептерди куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу кайсы баскычта экендигин айтты.

“Курулуш үчүн тогуз калктуу конуш жер тилкелери бар экени аныкталды. Биринчи этапта үч мектептин курулушун баштоо чечими кабыл алынды. Алар, Ош жана Каракол шаарларында жана Чүй облусунун Сокулук районунда. Андан ары курулуш иштери Баткен шаарында, Талас облусунун Манас районунда, Нарын шаарында, Жалал-Абад шаарында, Ош облусунун Өзгөн районунда жана Бишкек шаарынын конуштарынын биринде жүргүзүлөт “, -деп айтылат билдирүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.