Лейлектиктер: Сел үйлөрүбүздү талкалады, эми кайда барабыз?

Селден жабыркаган Лейлектин Катраң айылынын тургундары кайда бараарын, кимден жардам сураарын билбей айласы кетип турат. Анткени күтүүсүз келген тилсиз жоо алардын тиричилик буюмдарын эле эмес, үйлөрүн да жарактан чыгарган.

Күтүүсүз келген сел турак үйлөрдүн ичине чейин кирип, суу ташкыны эшик- терезелерди, полдорду талкалап, колдонгонго болбой турган абалга келтирген.

Сел келгенде эч жакка кача албай эле олтуруп калдык. Буюмдарыбызды, үйдү сактап кала алган жокпуз, жөн эле карап турдук. Бул үйдү болгон күчүбүздү, тапкан- ташыганыбыздын баарын жумшап, элден жардам алып бүтөрдүк эле. Эми эмне кылабыз билбейм”,- дейт Катраң айылынын тургуну Карамат Досматова.

Катраң айылындагы селде калган 30дай жер тилкеси мындан 20 жыл мурда берилип, кооптуу экени эске алынган эмес.Учурунда сел жүрүшү боюнча эскертүүлөрүү албаган 6 турак жай жарактан чыгып, ээлери кайда бараарын билбей турушат.

“Үйсүз көчөдө калдык. Бизге мурда сел коркунучу бар деген эскертүү берилген эмес эле. Эч нерседен капарсыз жашап жүргөндө ушундай абалга дуушар болдук. Эми жер беребиз, күзгө чейин үй салып аласыңар деп атышат. Кайсы акчабызга салабыз үйдү, кантип салабыз? Жашообуз кандай болот билбейбиз, бул жерде жашаганга болбой калды”,- дейт айыл тургуну Умарали Таиров.

Жабыр тарткандар үйлөрүн камсыздандыруудан өткөрбөгөндүктөн, акчалай жардам берилбейт. Андыктан, жер каралганы менен кыш келгенче там салууга каражаты жоктор да четинен чыгат. Аларга  ашар жолу менен жардам көрсөтүлүү пландалып жатат.

“Катраң айылынын жашоочулары үчүн азыр жер маселеси чечилип жатат, бөлүнөөрү менен тургундарга берилет”,- деп билдирди Лейлек райондук администрациясынын аппарат жетекчиси Эрмек Бахавадинов.

Селден Кара-Суу айылындагы “Акчыйыр” балдар бакчасы да жараксыз абалга келген. Эми балдар айыл өкмөттүн карамагындагы  Чайханада тарбия алат.

9-июнь күнү Лейлек районунунда катуу сел жүрүп, 16 үйдү ,1 бала бакчанын имаратын жарактан чыгарган. Аталган айылдан сырткары Лейлектин Кара-суу, Сумбула, Өзгөрүш, Коргон, Лейлек, Кара-булак айылдарында жүргөн. Учурда Лейлекте өзгөчө кырдаал режими киргизилип, кырсыктын кесепеттерин жоюу жүрүп жатат. Ал эми келтирилген зыянды атайын түзүлгөн комиссия аныктап чыгат.

Сюжетти даярдагандар: Феруза Аскарбек кызы, Жыргал Абдижалил уулу.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген