
25-ноябрда Лейлек районунун Арка-2 айылында 50 жаштагы аял өзүнүн жолдошун балталап өлтүрдү. Бул тууралуу маалыматты Лейлек районунун Жаны-Жер айыл өкмөтүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, күйөөсүн балталаган аял ал күнү өзүнүн жолдошу менен бирге спирттик ичимдиктерди ичишкен. Натыйжада уруша кетишип, аялы 1967-жылы туулган күйөөсүн башка бир нече жолу чапкан. Күйөөсү ошол жерде мерт кеткен.
Айыл өкмөттөн билдиришкендей аялы психикалык жактан оорукчан болгон.
Учурда аталган факты боюнча, Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (өлтүрүү) боюнча кылмыш иш козголду.
- 30.11.2018